Апрель ыңкылабына жети жыл толду

2010-жылдагы Апрель ыңкылабына жети жыл толду. Буга байланыштуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, спикер Чыныбай Турсунбеков, башка өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрү, жараат алгандар жана башка катышуучулар менен бирге “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель элдик революциясынын баатырларын эскеришет. Курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окутулат.

Андан кийин Атамбаев баштаган жетекчилер “Ала-Тоо” аянтындагы Апрель элдик революциясынын эстелигине гүлчамбар коюшарын президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов "Азаттыкка" билдирди.

Түштөн кийин Бишкектеги борбордук “Ала-Тоо” аянтында майрамдык иш-чара өтүп, театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлөт. Ага шаар мэри Албек Ибраимов катышат. Соңунда майрамдык концерт болуп, кечки салют менен аяктайт.

Апрель элдик революциясынын күнү Бишкек, Ош шаарларында жана бардык облустук, райондук борборлордо да белгиленет.

Буга чейин 7-апрель "мамлекеттик майрам жана иш күнү эмес" деп жарыяланган.

2010-жылы 7-апрелде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан эл аны бийликтен кууган. Куралсыз элге ок атылып, 87 киши набыт болгон. Жүздөн ашуун адам жараат алган. Президент үй-бүлөсү, жакындары менен чет элге качкан. Учурда Беларуста башпаанек тапкан. (Zko)