Польша орус газынан көз карандылыкты азайтуу максатында АКШдан суюлтулган газ сатып алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.
Өкмөт башчынын орун басары, экономикалык өнүгүү министри Матеуш Моравецки ушу аптада Кошмо Штаттардагы сапары учурунда энергетика министри Рик Перри менен жолушуудан кийин бул боюнча “оң жооп” алганын билдирди. НАТОнун мүчөсү Польша газдын үчтөн бир бөлүгүн Орусиядан импорттойт жана көптөн бери улуттук коопсуздук маселелеринен улам алтернативалуу булактарды издеп келатат. Өткөн жылы Польша Балтика деңизинде суюлтулган газ терминалын ачкан. Моравецки Техастан алынчу газдын баасы Алжир же Катардыкына караганда кымбат болуп жатканын, бирок АКШ менен сүйлөшүп, арзандатса болоруна ишенээрин кошумчалады.