Эрнис Кыязовго байланыштуу окуяны күч органдары текшерет

Эрнис Кыязов

Эрнис Кыязовдун коркутууга кабылганы боюнча окуяны Башкы прокуратура күч органдары менен бирге карап чыгат. Бул тууралуу баш прокурор Индира Жолдубаева бүгүн парламентте баяндама жасагандан кийин билдирди.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун журналисттин окуясы боюнча суроосуна баш прокурордон тышкары ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов да жооп берип, Чүй облустук милициясы карап жатканын белгиледи.

Буга чейин ИИМдин басма сөз кызматы журналист арыз менен кайрылбаганын, ага карабастан милиция анын Фейсбукка жазган билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзүп жатканын маалымдаган.

Журналист Эрнис Кыязов аны 4-апрелде түнкү cаат он жарымдарда белгисиз үч-төрт адам коркутканын маалымдаган. Фейсбуктагы жеке баракчасына бул тууралуу жазып, Бишкектин четиндеги үйүнүн алдында аны жулкулдатып, опузалоого аракеттенишкенин айткан. (SE)