Баш прокурор парламентте маалымат берет

Индира Жолдубаева.

6-апрелде Жогорку Кеңеште баш прокурор Индира Жолдубаева 2016-жылдагы Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура аткарган иштер боюнча маалымат берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдайт. Жолдубаева баш прокурордун кызматына 2015-жылдын башында киришкен.

Мындан тышкары бүгүн Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген же ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” мыйзамды карайт. (ZKo)