Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын карайт

Садыр Жапаровдун №47 абактагы сүрөтү.

Буга байланыштуу Садыр Жапаровдун тарапкерлери соттун алдында пикет өткөрүшөт. Уюштуруучулардын билдиргени боюнча, анда Садыр Жапаровду үй камагына чыгаруу, №1 тергөө абагында анын өмүрүнө коркунуч келген окуяга жол бергени үчүн тергөө абагынын жетекчилигин жоопкерчиликке тартуу талаптары коюлмакчы.

Оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 26-мартта Биринчи Май райондук соту тарабынан эки айга камалып, №1 тергөө абагына киргизилген. 2-апрелде Жаза аткаруу кызматы Жапаров кан тамырларын кескилегенин, ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөнүн жана акыбалы жакшы экенин билдирген. 4-апрелде аталган кызмат Жапаровдун 3 мүнөттүк видеосун жарыялаган, ал жерде саясатчы акыбалы жакшы экенин билдирип, башкаларды кооптонбой эле коюуга чакырган. (ZKo)