Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй ракета учурду

Түштүк Корея менен АКШнын армия өкүлдөрү Түндүк Корея жапон деңизин карай баллистикалык ракета учурганын ырастады. Бул сыноо Түндүк Кореянын негизги өнөктөшү саналган Кытайдын лидери АКШ президенти менен жолугаар алдында орун алды.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги шаршембиде билдиргендей, ракета Синпо аймагынан учурулган. АКШнын армиясы аны KN-15 үлгүсүндөгү орто аралыктагы баллистикалык ракета деп жоромолдоп жатат. Ким Чен Ындын бийлигинин бул кадамын коңшу өлкөлөр айыптап чыгышты.

"Бүгүн эртең менен Түндүк Корея жыл башынан берки төртүнчү баллистикалык ракетасын учурду. Биздин өкмөт муну айыптайт. Бул Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореянын ядролук жана ракеталык чагымчыл аракеттерине каршы резолюциясына кедергисин тийгизет. Эл аралык коомчулуктун жана Корей жарым аралынын коопсуздугу үчүн коркунуч", - деди Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чо Юн-Хюк.

Жакында АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайды Түндүк Кореянын ракеталык программасын ооздуктоо үчүн расмий Пхеньянга кысым көрсөтүүгө чакырган. Эгер кытай бийликтери аракет көрбөсө АКШ өз алдынча чара көрөрүн эскерткен. Бул маселе президент Трамп менен Кытай лидери Си Цзинпиндин 6-7-апрелде АКШда өтө турган жолугушуусунда да талкууланат деп күтүлүүдө.