Сербия: Вучич президенттик шайлоону жеңгенин жар салды

Александр Вучич

Сербиянын премьер-министри Александр Вучич жекшембидеги президенттик шайлоодо таза жеңишке жеткенин жарыялады. Бир нече экзитпол Вучич добуштардын 55-58 пайызын алганын көрсөтүүдө.

Ipsos сурамжылоо компаниясынын маалыматы боюнча, Сербиянын мурдагы акыйкатчысы Саша Янкович добуштардын 14 пайызына ээ болуп, экинчи сапка чыкты. Эгер эч бир талапкер 50 пайыздан ашык добуш топтой албаса, 16-апрелде шайлоонун экинчи айлампасы өтмөк. Шайлоодо алдыга озуп чыккан "Прогрессивдүүлөр партиясынын" лидери Вучич алдыңкы эки айдын ичинде жаңы өкмөт түзүлөөрүн айтты.

"Бул шайлоодо мен үчүн бир нерсе маанилүү болду. Серб жарандарынын көбү Кытай жана Орусия менен жакын алаканы сактоо менен бирге Евробиримдик менен байланышты улантууну колдоду",-деди Вучич.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы дүйшөмбү күнү толук жарыяланат. Республикалык шайлоо комиссиясы добуш берүү олуттуу мыйзам бузууларсыз өткөнүн билдирди. Сербиядагы президенттик шайлоого 11 талапкер катышкан.

7 миллиондон ашык калкы бар Сербия Евробиримдик менен Орусиянын ортосунда тең салмакты сактоо аракетин көрүп келет. Александр Вучич Сербия 2019-жылы Евробиримдикке мүчө болот деп убада берген.