Иран АКШнын терроризм боюнча айыптоолорун четке какты

АКШ менен Ирандык желеги.

Иран азыр деле терроризмдин негизги демөөрчүсү болуп калууда деп аймактагы атаандашы жана АКШнын өнөктөшү Сауд Арабияны күнөөлөдү.

31-мартта журналисттерге АКШнын Коргоо министри Жеймс Маттис Иран мамлекети "терроризмдин эскпортоочусу" жана "терроризмдин демөөрчүсү" болуп келүүдө деп билдирген.

Эртеси, 1-апрелде Ирандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Бахрам Гасеми "Америка баштаган айрым мамлекеттер терроризм жана экстермизмдин негизги булагына көңүл бөлбөй келишет" - деп мамлекеттик IRNA маалымат агенттигине маалымат тараткан.

Ал "Терроризмдин каржылык жана интеллектуалдык булактарын туура эмес көрсөтүү – бул эл аралык антитеррордук күчтөрдүн негизги катасы" деп кошумчалады.