Арменияда парламенттик шайлоо өтүүдө

Армениядагы парламенттик шайлоо. 2017-жыл. 2-апрель.

2-апрелде Арменияда жалпы парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул 2015-жылдагы конституциялык реформалардан кийинки биринчи добуш берүү жараяны.

Бул шайлоонун жыйынтыгынан парламент менен өкмөттүн курамы эле эмес, кийинки президенттин ким болоору дагы көз каранды. Учурдагы президент Серж Саргсяндын тактыдагы экинчи мөөнөтү 2018-жылдын апрель айында аяктайт. Анын ордуна келе турган кийинки президентти Армениянын 5-чакырылыштагы Улуттук жыйыны тандайт.

Бул жолку добуш берүү жаңы шайлоо системасы менен өтүп жатат. Ага ылайык, Улуттук жыйынга депутат болуп жалпы улуттук партиянын ичинен пропорционалдуу система менен жана өлкөнүн 13 округунан көрсөтүлгөн партиялардын талапкерлери шайланып келишет. Учурда Армениянын мыйзам чыгаруу органына беш саясий партия жана төрт партиялык альянс ат салышууда. Жеңишке жетүү үчүн саясий партиялар шайлоочулардын беш пайыздык, ал эми партиялык бирикмелер жети пайыздык босогодон өтүшү керек.

Бул жолу Улуттук жыйынга мурункудай 131 эмес, 105 депутат шайланып келет. Өкмөттүн курамын түзүү үчүн көпчүлүк коалиция парламентте 54 пайызга ээ болушу керек. Демек саясий күчтөр шайлоодо туруктуу көпчүлүккө ээ болушу зарыл же добуш берүү жыйынтыгы чыккан алты күндүн ичинде коалиция түзүлүшү керек. Болбосо 28 күндөн кийин жеңип келген эки лидер партиянын же блоктун ортосунда кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

Шайлоодо негизги атаандаштар деп Саргсяндын башкаруучу Республикалык партиясы менен өлкөдө таасирдүү бизнесмен Гагик Царукяндын саясий блогу аталууда.

Расмий маалымат боюнча, Арменияда эки жарым миллиондон ашуун шайлоочу катталган. Шайлоо таңкы саат сегизден кечки сегизге чейин уланат. Өлкө боюнча 2009 шайлоо тилкеси ачылган. "Грузия жаңылыктары" агенттигинин маалыматына караганда, чет өлкөдөгү жарандар үчүн добуш берүү каралган эмес.