AI: Кытай уйгурлардын дин тутуу укугун чектөөдө

Шиңжаңдагы жума намазга келген өспүрүмдөр. 23-май, 2014-жыл

Кытай бийлиги Шиңжаң-Уйгур автоном районундагы дин тутуу эркиндигин мурдагыдан да чектөөдө. Бул тууралуу "Эл аралык мунапыс" укук коргоо уюму 31-мартта билдирди.

Анда жакында эле аймактагы Хотан шаарында баскетбол мелдешин көрүүгө келген миңден ашуун адам алдын ала тизмеге жазылып, жергиликтүү жетекчилер кире бериште алардын ар биринин сырткы келбетин жана кийим-кечесин текшерип киргизгени белгиленет.
Ошондой эле аймакта сакал койгон, жабык кийинген, же ашыкча динчил адамдар тууралуу бийликке маалымдагандарга 290 доллардай сыйлык каралганы айтылат.

Кытай бийликтери адатта Шиңжаңдагы кыянатчыл көрүнүштөрдү, кол салууларды уйгур согушкерлеринен көрөт. Ал эми адам укугун коргоочулар менен Кытайдан кетүүгө мажбур болгон уйгурлар муну Бээжиндин аймактагы саясатына байланыштырат. Кытай бийлиги Шинжаңда репрессиялар бар деген дооматты четке кагып келет.