Орусия аннексиялап алган жарым аралдын парламент жетекчилиги 20-мартта кыргызстандык депутаттар менен жолукканын Крымдын мамлекеттик кеңешинин сайты жазып чыкты.
Анда вице-спикери Ремзи Ильясов чет өлкөлүк саясатчы, депутаттардын катарында Ирина Карамушкина жана Марат Аманкулов менен жыйын өткөргөнү жарыяланды.
Сүйлөшүүдө Крымдын Орусиянын аймагы катары легитимдүүлүгү, Крым-татарлары тууралуу сөз болгон.
Буга чейин депутат Карамушкина жарым аралга жеке сапары менен барышканын, чыгымды Марат Аманкулов каржылаганын билдирген. Аманкулов муну бышыктап, ал жакта жергиликтүү эл менен жолугуп, ал-абалын сураганы менен саясий билдирүү жасабаганын айткан.
Кыргыз коомчулугунда социал-демократ депутаттардын сапары кызуу талкууланып, Карамушкинанын Фейсбукка "Кыргыз депутаттары Крымда болду. Демек Крым – биздики дагы” деп жазганы сынга алынган.
27-мартта Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык билдирген.
Жарым аралды 2014-жылдын мартында Орусия өзүнө каратып алган. БУУнун Крымдын Украинадан ажырашын мыйзамсыз деген резолюциясын жүздөн ашуун өлкө колдогон. Кыргызстан добуш берген эмес.