Мамлекеттик каттоо кызматынын убактылуу иштен четтетилген жетекчиси Тайырбек Сарпашев Башкы прокуратура козгогон кылмыш иши боюнча комментарий берди. Ал козголгон иш боюнча күнөөсү жоктугун, тергөө менен кызматташууга даяр экенин “Азаттыкка” айтты.
- Мен өзүмдүн күнөөлүү эмес экенимди толук далилдейм. Тендер боюнча айтсам, “бир булактан алат” деген токтом бар болчу. Азыр ушунун айланасында суроолор пайда болуп жатат. Алардын бардыгын мен орду-ордуна коюп бергенге даярмын.
Бүгүн Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге Кылмыш кодексинин 304-(кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренеси менен иш козгоду. Ал 2013-жылы вице-премьер-министр маалында Мамкаттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген деп айыпталууда. (SDz)