Бишкек шаарынын жаңы конуштарына газга кошуу иши жүрүп жатканына карабай, аны үйүнө киргизген тургундардын көрсөткүчү төмөн болууда. Бул тууралуу шаар мэри Албек Ибраимовдун катышуусунда шаардык кызматтардын чогулушунда белгилүү болду.
“Газпром” компаниясынын Бишкектеги өкүлү маалымдагандай, 2438 үйдөн болгону 143ү өз үйүнө жаратылыш газын туташтырган.
“Газпром” быйыл кошумча жети жаңы конушта газдаштыруу иштерин баштаганы жатат. Шаар мэри Албек Ибраимов район акимчилигине эл арасында газга өтүү боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.
“Газпром” компаниясы өткөн жылы Бишкектин он конушунда газдаштыруу иштерин аяктаган. (SDz)