Базар-Коргондо Текебаевди колдогон акция уланууда

Камактагы депутат Текебаевдин колдоочуларынын жөө жүрүшү, 09.02.2017

29-мартта Базар-Коргон районунун Акман айылында Ош-Бишкек жолунун боюнда митинг өткөрүп жаткан камактагы депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн келишин талап кылышты. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, алар өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев талапты укпай, элге жолукпай жатканына нааразы.

Нааразы тарап каттамды тосуу аракетин көрүп, бирок күч кызматкерлери ага жол берген эмес.

Текебаевди колдогон тынч митинг 1-марттан бери уланууда. Анын тарапкерлери Ош-Бишкек жолунун жээгине эки боз үй тигип алышкан жана бир нече жолу жөө жүрүшкө да чыгышкан. Алар депутат бошотулмайынча акция токтобой турганын айтышууда. Аймакта абалды тартип коргоо органдары көзөмөлдөп турат.

Акцияга катышып жаткан Акман айылынын тургуну Шайыр Калыков нааразылыкка чыккандардын саны 29-мартта 300 адамга жетти десе, облустук милиция башкармалыгы 100дөй киши экенин айтууда.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алган деп айыпталып, 26-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалган. Оппозициялык саясатчы бул айыпты саясий куугунтук деп баалап жатат. (NT/RsK)