Ош: милиционер аялдар үчүн окуу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ошто ички иштер кызматында иштеген кыз-келиндер экстремизм менен күрөшүү боюнча тренингге катышууда. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан чогулган 80 милиционер аял радикализмди алдын алуу жолдорун, мыйзамдагы жаңы нормаларды жана башка кесиптик көндүмдөрдү үйрөнүшүүдө. Анткени туура эмес диний агымдарга кирип кеткен кыз-келиндер менен аялдар жакшы иштей алат дешет адистер.