Өлкөдө 55 пайыз мал идентификацияланды

Калысбек Жумаканов

Өлкөдө малды идентификациялоонун биринчи этабына 40 млн сом жумшалып, бүгүнкү күндө Талас облусу менен Ош облусунун Ноокат районунда идентификация өнөктүгү аяктады.

Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Калысбек Жумаканов маалымат жыйынында билдирди. Ал учурда республика боюнча идентификация 55% жүргүзүлгөнүн, акыркы үч жыл аралыгында бодо жана майда малды идентификациялоо иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.

- Идентификация мал-жандыктар тууралуу толук маалыматтык электрондук базага киргизүү үчүн жүргүзүлөт. Биринчи этабы дээрлик аягына чыгып калды, экинчи этабы 2017-жылдын сентябрь айында башталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн өкмөттөн 28 млн сом насыя алганбыз. Аны 2018-жылдан баштап биркалардан түшкөн каражаттын эсебинен төлөй баштайбыз. Учурда жүргүзүлгөн идентификациядан 7 млн сом түштү, – деди Калысбек Жумаканов.

Жумаканов өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу сакталса, Кыргызстандын 24 компаниясы өз азыктарын Орусия менен Казакстанга экспорттой баштарын айтты. Буга чейин ата мекендик 18 ишкана ЕАЭБнын бирдиктүү реестрине кирген. (SDz)