Бишкекте Анатолий Карповдун шахмат академиясы ачылат

Анатолий Карпов

Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дүйнөнүн үч жолку шахмат боюнча чемпиону Анатолий Карпов менен жолукканда белгилүү болду.

Жолугушууда Карпов советтик спортсмендердин ийгиликтери, аны менен кыргыз шахматчылары менен жакшы тааныш экенин айтты. Ал Кыргызстандын шахмат федерациясы менен биргеликте, Бишкек шаарында автордук шахмат академиясын ачуу боюнча иштер журүп жатканын билдирди.

- Мен ишенем, аталган мектеп балдардын шахматка кызыгуусун арттырат, буга чейинки башка мамлекеттерде иштеп жаткан академиялар ийгиликтүү иштеп, жаштар арасында шахматка кызыккандардын саны өсүүдө, - деди гроссмейстер Анатолий Карпов.

Премьер-министр Карповго академиянын ачылышына ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Карпов Бишкек шаарына 25-мартта шахмат боюнча балдар арасында өткөн президенттин кубогунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышуу үчүн келген. (SDz)