Таразда Талас азыктарынын жармаңкеси өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

25-мартта Казакстандын Жамбыл облусунда Талас облусунун күндөрү өтүп, анын алкагында айыл чарба продукцияларынын жармаңкеси уюштурулду. Көргөзмөгө Таластан 50дөн ашык дыйкан катышып, колдо бар оокаттарын сатыкка койду. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча жармаңкеге 17 миллион сомдук товар чыкты.