Кыргызстанда 26-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 10…12;
Суусамырда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 8…13;
Баткен облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 11…16;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;
Нарын аймагында түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;
26-мартта Бишкекте күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 10…12 градуска чейин жогорулайт.