24-марттан 28-мартка чейин жаап өткөн, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16;
Таласта түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15;
Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 4...9;
Бишкек шаарында эртең 25-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз ала булут каптап, кечке жуук бир аз жаан жаашы мүмкүн. Күндүн жылуулугу түнкүсүн 4...6, күндүз 13...15 градус жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.