Бишкекте Рахманкул хандын музейи ачылды

Тейит уруусунан чыккан Рахманкул хандын ата-бабалары Анжиян, Ош, Алай кыргыздарын бийлеген эл башчылардан болушкан. Өз атасы Жапаркул ажы Кокон аскеринде миң башылыкты аркалаган.

Рахманкул хан 1913-жылы Мургабдын Тамчы-Жер деген жеринде туулган.

Ал төрт жашка чыккан кезде атасы Жапаркул ажы Оогандын Памирине жер оодарып, жашап калат. 1942-жылы Жапаркул ажы кайтыш болот. Анын ордуна тун баласы Рахманкул аксакалдар кеңеши тарабынан хан болуп шайланат. Ошол жылдары Ооган Памирин 30 миңге чукул кыргыздар байырлаган деп айтылат.

Жарым кылымдан ашуун Ооганстанда жашаган көчмөн эл орус аскерлеринин таасиринен улам 1948-жылы Кытайга качканга аргасыз болгон. Эки жылдан кийин Памирге кайра көчүп келишет.

Советтер Союзунун куралдуу күчтөрү Ооганстанга басып кирип, Кабулда жаңы коммунисттик режим орногон. Совет бийлигинин таасиринен тажаган эл 1979-жылы Пакистанга жол тарткан.
1982-жылы Рахманкул хан баштаган памирлик кыргыздар БУУнун, Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдорунун көмөгү менен Түркиянын Ван көлүнүн тегерегине отурукташкан.
 

Рахманкул хан билимге өзгөчө көңүл бурган. Ал кыргыз, фарси, орус, пушту, урду, түрк жана кытай тилдеринде сүйлөгөн. Боз үйдү мектепке айлантып, балдарга кат тааныткан.

Айрым маалыматтар боюнча Рахманкул хандын 15 миң топозу, 65 миң кою жана эчкиси, 20-30дай төөсү болгон.

Рахманкул хандын тогуз уулу, эки кызы бар. Алар: Абдивакил, Абдибаит, Малик, Акбар, Ариф, Насир, Назир, Вали, Муссадык, Атинбүбү жана Каныкей. Эң кенже уулу Муссадык келинчеги Роза менен Кыргызстанда турушат. Роза Түркиянын Ван шаарына келин болуп барган алгачкы кыргыз кызы болгон.

Рахманкул хандын уулу Малик Кутлу памир кыргыздарынын көчмөн турмушун, салт-санаасын сүрөткө түшүргөн.

Кыргыздардын "акыркы ханы" 1990-жылы 77 жашында Түркиянын Эрзурум шаарында катуу оорудан каза болгон.
 

Оң жакта Рахманкул хандын жай намазын көрүүгө болот.

Рахманкул хандын алтын мөөрү.

Рахманкул хандын келини Роза Кутлунун айтымында, үй музейине кирүү акысыз. Каалоочулар үчүн музейдин эшиги дайыма ачык.