Бүгүнкү сот жараянында "Элдик парламент" кыймылынын мүчөлөрүнө өкүм чыгарылышы күтүлүүдө. Өткөн айдагы акыркы сот процессинде жарыш сөз бүтүп, соттолуучуларга акыркы сөз берилген. Алар коюлуп жаткан күнөөнү четке кагууда.
Прокуратура "Элдик парламенттин" мүчөлөрү Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 15, Эрнест Карыбековду 22, Дастан Сарыгуловду 12 жыл күчөтүлгөн тартипте абакка кесүүнү сураган. Жактоочулар аларды актоону талап кылышкан.
Оппозиция мүчөлөрүнүн иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда башынан эле жабык өтүп келе жатат.
"Элдик парламент" оппозициялык кыймылдын аты аталган өкүлдөрү "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталып, 2016-жылдын май айында камалган.(ZKo)