"Супарадагы" майрамдык маанай

Иш-чараны өткөрүп жаткан "Кыргыз тилектештиги" коомдук бирикмесинин теңтөрайымы Элнура Кулуева "Азаттык" радиосуна билдиргендей, майрамдык иш-чара үчүн 41 кой союлуп, 41 казанга сүмөлөк кайнатылууда:

- Сүмөлөк фестивалында казандар кайнап, токочтор бышып, баталар тиленди. Кырк уруудан өкүлдөр келди. Андан тышкары Тажикстандан, Өзбекстандан этникалык кыргыздар, Казакстандан коноктор келишти.

Маалыматка караганда, төрт миң литр сүмөлөк, миң килограмм эт 21-март - Нооруз күнү элге таратылат. 

Сүмөлөк кайнатуу салтанатына каалагандар күбө болуп, оюн-зоокко катышып, көңүл ачып кетсе болот.

Фестивалда сүмөлөктөн башка кыргыздын улуттук тамак-аштары да жасалууда. Ошондой эле кыргыздын ыр-күүлөрү жаңырып, түрдүү улуттук оюндар өтүүдө.

Сүмөлөк майрамы Бишкекте былтыр да уюштурулуп, 11 казанда бышырылган. 

Нооруз -  Орто Азия элдеринин 21-мартта кеңири белгилене турган майрамы.
Бул күнү күн менен түн теңелет. "Нооруз" - "жыл башы", "жаңы жылдын башы" майрамы деп да аталат.