Ноорузга карата Ала-Тоо аянты жасалгаланды

Нооруз майрамына карата Бишкек мэриясы Ала-Тоо аянтын кооздоп, жасалгалады.

Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр, жаныбарлар жана куштардын элестери жаратылыштын ойгонушу катары сүрөттөлгөн.

Баш калаанын басма сөз кызматы билдиргендей, жасалгаларды оргумалар да кооздойт. Андан тышкары дарактар түстүү чырактарга оролуп, аянтка жоогазын түрүндөгү чырактар орнотулду. "Зеленстрой" ишканасы жашыл майсаң жана арчаларды кошуп жатат.

21-март күнү Ала-Тоо аянтындагы майрам саат 11де башталат. Түшкү саат экиге чейин театрлаштырылган оюн-зооктор болот.

Эски аянтта да кечке чейин концерт коюлары кабарланган. Андан тышкары төрт райондо сейилдөөлөр уюштурулат.

Нооруз - чыгыш элдеринде жаз майрамы, жаңы жылдын башаты катары белгиленет.