Конгрессте Орусиянын шайлоого кийлигишүүсү тууралуу угуу болот

Дональд Трамп.

Конгресстин өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинде Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү тууралуу коомдук угуу болот. Анда президент Дональд Трамптын ага мурунку президент Барак Обаманын администрациясы тарабынан жашыруун байкоо жүргүзүлгөнү тууралуу билдирүүсү да ортого салынат. Ачык угууда Конгресстин Чалгын комитетинин мүчөлөрү ФБРдин жетекчиси Жеймс Коминин жана Улуттук коопсуздук агенттигинин башчысы Майк Рожерстин маалыматын да угушат. Ошондой эле жыйынга президенттин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы жардамчысы Майкл Флинн да чакырылган. Флинн кызматтан Орусия менен байланыштары тууралуу маалыматтардан соң кеткен.

4-мартта Дональд Трамп өзүнүн Нью-Йорктогу "Трамп Тауэр" мунарасы тыңшалганы үчүн Барак Обаманы айыптап, Твиттерге жазган. Обама бул айыптоону четке каккан. Ал эми Орусиянын президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу Ак үй 6-январда билдирген.

АКШнын чалгын коомчулугу Орусия президенти Владимир Путин шайлоо өнөктүгүнө таасир этип, Трампка жардам берүү үчүн Демократиялык партияга хакерлик чабуул жасоонун артында турган деген бүтүмгө келген. Кремль айыптоолорду мойнуна албай келет.