Трамптын администрациясы миграция боюнча буйругун коргойт

Дональд Трамптын администрациясы АКШ аймагына алты өлкөнүн жарандарын киргизүүгө тыюу салган буйруктун мыйзамдуулугу боюнча сотко доо арыз берет.

Буга чейин АКШ президентинин бул буйругун Кошмо штаттын Гавайи жана Мэриленд соттору мыйзамсыз деп таап, Конституцияга каршы экенин жана ал диний дискриминацияга алып келээрин айткан. Себеби Трамп АКШга кирүүгө тыюу салган алты өлкө тең мусулман өлкөлөрү болгон.

Ал ортодо Калифорния, Вашингтон сыяктуу башка штаттардын соттору да иммиграциялык чектөөгө каршы күрөшөрүн белгилешүүдө. Андыктан тараптардын жүйөлөрү алдыда апелляциялык соттордо каралмакчы.

Иран, Сирия, Сомали, Йемен, Ливия, Судан өлкөлөрүнүн жарандарын АКШга киргизбөө буйругун Трамп өлкөнүн коопсуздугу менен байланыштырган. Ал эми буйрук токтоп калганына президенттин администрациясы соттор өз кызматын аша чаап чечим кабыл алды деп келет. (SDz)