Варшавада мигранттарды кабыл алууга каршы митинг өттү

Варшавадагы аянт.

Польша борбору Варшавада ишемби күнү демократияны коргоо ураанын көтөргөн, ошондой эле расизмге жана украин мигранттарына каршы бир нече массалык акциялар өттү. Демократияны коргоо комитетинин тарапташтары Варшаванын борбордук көчөсүндө жүрүш жасап, “демократия урап жатат” деген деген жүйө менен сот системасына каршы чыгышты. Комитет лидери Матеуш Киёвский чогулгандарга “Өкмөт качанга чейин өзүнүн жарандарына жана Европага каршы чечимдерди чыгара берет?” - деген суроо узатты.

Өз кезегинде Польшанын улутчулдары бийликтин миграциялык саясатына каршы чыгып, өлкө "экономикасы украиналашып баратканына" кабатырлануусун билдиришти. Эмгек талаасында украиналыктар арзан акчага иштөөгө макул болуп, польшалыктар эмгек рыногунан сүрүлүп жатканын айтышты.

Ошол эле учурда Варшаванын дагы бир бурчунда украиналыктарга Польшанын рыногун ачуу талабы менен митинг өттү. Бул өңдүү расизмге каршы пикет Польшанын бир катар шаарларында да болду. (SDz)