Ошурахунова: Александр Кимди бүгүн суракка чакырышпайт

"Вечерний Бишкек" жабык акционердик коомунун мурдагы ээси Александр Кимди бүгүн суракка чакырышпайт. Бул тууралуу Твиттердеги баракчасына жарандык активист Динара Ошурахунова жазды.

Александр Ким 22-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгына келе турганы жөнүндө милдеттенме жазып берди.

Александр Кимдин үйүнө өздөрүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлерибиз деп тааныштырган жети киши келгенин мурдараак анын небереси Елена Воронина “Азаттыкка” билдирген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын басма сөз кызматы азырынча комментарий бере албай турганын маалымдады.

АКИpress агенттиги ЭКККБнын басма сөз кызматына шилтеме жасап, 2015-жылдын 28-декабрында «“Рубикон” рекламалык фирмасы”» ЖЧКнын мурдагы башкы директору Александр Кимге карата Кылмыш кодексинин 221-беренесинин 1-б. боюнча иш козголгонун жазат. Кылмыш иши «“Рубикон” рекламалык фирмасы”» ЖЧКнын башкы директору Александр Рябушкиндин арызынын негизинде козголгон. Ким тергелип жаткан иштин алкагында суракка чакырылган.