Активисттер "Центеррага" каршы кол топтойт

Кумтөр

Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра голд” компаниясын Эл аралык сотко берүү боюнча кол топтоо Бишкек, Каракол, Ош, Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында жана республиканын айрым райондорунун борборлорунда башталды.

Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынын маалымат катчысы Ишенбек Курманакунов билдирди. Анын айтуусунда, канадалык "Центерра голд" компаниясынын өлкөнүн экономикасына, экологиясына келтирген зыяндары үчүн жоопко тартуу талап кылынмакчы.

Ысык-Көлдөгү Кумтөр алтын кенин кыргыз өкмөтү канадалык "Центерра" компаниясы менен бирге иштетет. Бул кендин айланасындагы акыркы талаш 2011-жылдан бери уланып, кыргыз өкмөтү менен “Центерранын” ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпай келет. Былтыр жайында келишимдердин мыйзамдуулугун жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо тапшырмасы берилген.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев былтыр 1-декабрдагы маалымат жыйынында 2017-жылы Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча "Центерра" менен теңме-тең сүйлөшүүлөр жүрөрүн жана оң жылыштар болорун айткан.

Кумтөр Кыргызстандагы эң ири алтын кени. (KJ)