Эрдоган Голландияны Сребренница кыргыны үчүн айыптады

Режеп Тайып Эрдоган

14-мартта түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 1995-жылдагы Босниядагы кыргын үчүн Голландияны айыптады.

Эрдоган босниялык сербдер Сребренница шаарында сегиз миңдей мусулман балдар менен эркектерди өлтүргөнүн, БУУдагы голландиялык тынчтык орнотуучулар буга жолтоо боло албай калганын эске алууда.

Голландия премьер-министри Марк Рутте Эрдогандын билдирүүсүнө “жийиркеничтүү тарыхый калп" деп жооп берди.

11-мартта түрктөрдүн митингине келаткан Түркиянын эки министрин Голландия өз аймагына киргизбей, муну коопсуздукка байланыштырган. Ушундан соң эки өлкөнүн мамилеси начарлап, Түркия Голландия менен дипломатиялык байланыштарын, мамлекеттик деңгээлдеги жолугушууларын токтоторун дүйшөмбүдө билдирген.

16-апрелде Түркияда өтө турган референдумду колдоону көздөгөн түрктөрдүн митингине Германия, Австрия жана Швейцария дагы тыюу салган.