Ош облусунун Кара-Суу шаарында "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун активдүү мүчөсү кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. 58 жаштагы шектүү 7-мартта колго түшкөн.
"Ал Конституцияга каршы аракет жасап, "Халифат" мамлекетин куруу идеясын жайылткан. Үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (Улуттук, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголду. Өзү убактылуу кармоочу жайга камалды. Үйүнөн чыккан диний адабияттарга теологиялык экспертиза жасалып, экстремисттик мүнөздө экени аныкталды", - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.
Апта башында Чүйдө "хизбутчу" деген шек менен жети киши колго түшкөнү кабарланган.
"Хизб-ут-Тахрир" - Кыргызстанда тыюу салынган 20 уюмдун бири. (SE)