Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматы боюнча, 2016-жылы 5653 адам алгачкы жолу кургак учук оорусун жуктурган, 2015-жылы бул көрсөткүч 200 кишиге көп болчу.
Ал эми он беш жылда Кыргызстанда кургак учуктун аныкталган учуру, бул илдеттен каза тапкан адамдардын саны кыйла азайганы айтылат. 2001-жылы өлкөдөгү жүз миң кишинин 168 киши ооруса, былтыр 94кө түшкөн. Ал эми кургак учуктан каза тапкандар 2001-жылы жүз миң кишинин 27си болсо, 2016-жылы беш киши кургак учуктан каза болгон.
24-март кургак учукка каршы туруу боюнча эл аралык күнүн утурлай, 14-мартта Бишкекте кургак учукту көзөмөлдөө боюнча стратегиялык программалар талкууланууда. Тегерек үстөл ЮСАИДдин "Кургак учукту жеңебиз" деп аталган программасынын алкагында уюштурулду. Ага Саламаттыкты сактоо министрлиги, жарандык коом, жергиликтүү бийлик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Бүгүнкү талкууда кыргыз өкмөтү тарабынан бекитилген кургак учукка каршы күрөшүү боюнча он жылдык программанын долбоору да талкууга коюлат. (ZKo)