Ооган өкмөтү: ондогон талип жоочулары жок кылынды

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү.

Ооган өкмөтүнүн 12-марттагы маалыматы боюнча, акыркы 24 саатта Гилменд вилайетинде өткөрүлгөн аскердик иш-чарада 31 талип жоочусу жок кылынды. Алардын арасында жергиликтүү талаа командири да бар.

Өкмөттүк күчтөр Ооганстандын аба күчтөрүнүн жардамы менен провинциянын борбору Лашгаргах шаарынын жака-белдерин жоочулардан тазалады. Гарамшер жана Над-е-Али райондоруна абадан урулган соккудан набыт болгондор арасында талиптердин жергиликтүү лидери Молдо Эваз да бар экени өкмөттүн маалыматында кабарланды. Өкмөттүн аскерий өнөктүгү жазгы уруш учуру башталган мезгилге туура келди. (AiT)