Мосулдун батышы террорчулардан бошотулууда

Мосулдун батышы.

Ирактын өкмөттүк күчтөрү Мосулдун батышынын үчтөн бир бөлүгүн “Ислам мамлекетти” террорчул тобунан бошотту. Бул тууралуу Ирактын контртеррордук күчтөрүнүн генералы Маан аль-Саади 12-мартта билдирди.

Саади ирак күчтөрү акыркы күндөрү Мосулдун батышындагы Жадида жана Эль-Агават райондорун бошотуу үчүн операция жүргүзүп жатканын жана жакынкы сааттарда толугу менен террорчулардан тазаланарын кошумчалады.

Мосулдун батыш тарабын тазалоо операциясынын экинчи этабы 19-февралда башталган. Шиит кошуундары, күрт куралдуу түзүмдөрүнүн жана АКШ башында турган коалициянын авиациясынын жардамы менен Ирак армиясы бир ай мурда Мосул шаарынын чыгыш бөлүгүн толук өз көзөмөлгө алган. “Ислам мамлекети” радикал уюму шаарды 2014-жылы басып алган.