Түрк жарандарына Орусияда иштешине уруксат берилиши мүмкүн

Владимир Путин түрк жарандарынын Орусияда иштешине уруксат берилиши мүмкүн экенин билдирди.

Бул тууралуу ал Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолуккандан кийин билдирди.

Маалыматка ылайык, сөз “түркиялык курулушчулар” боюнча жүрүүдө. 2015-жылы эки өлкө мамилеси бузулганда орус бийликтери түрк жарандарына өлкөдө эмгектенүүгө тыюу салган.

Путин эки өлкө ортосундагы виза режимин жумшартуу боюнча иш уланарын убада кылды.

Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусу 10-мартта Москвада өткөн.

Сүйлөшүүлөрдө Сирия менен Ирактагы жаңжалды, Түркия менен Орусиянын экономикалык байланыштарын, анын ичинде энергия жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.

2015-жылдын ноябрь айында Орусиянын аскерий учагынын Түркия тарабынан атып түшүрүлүүсү мамилени бузган. Азыр болсо Түркия менен Орусия Сириядагы жаңжалды токтотуу боюнча Казакстанда башталган сүйлөшүүлөрдү колдоодо жана айрым учурларда аскерий операцияларын да координациялай баштады.