Аба ырайы: кар жаайт

11-мартта көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5, Таласта түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5 градус суук болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10 градус суук, күндүз 0…5 градуска жылыйт.
Нарында түнкүсүн -18…-23 градуска чейин төмөндөп, күндүз -7…-12 градус суук болот.

11-мартта Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы -6…-8°, күндүзгү температурасы 0…-2° суук болот.