Назарбаев конституциялык түзөтүүлөргө кол койду

Назарбаев кайрылуу жасаган учур. 25-январь, 2017-жыл.

Мындай маалыматты бүгүн Ак ордо таратты. Буга чейин президенттин “Нур Отан” партиясы үстөмдүк кылган парламент жана Конституциялык кеңеш Казакстандын Баш мыйзамына сунуш кылынган жаңы өзгөртүүлөрдү колдогон болчу.

Ага ылайык, президенттин ыйгарым укуктарынын айрымдары өкмөт менен парламенттин ортосунда бөлүштүрүлөт.

Назарбаев Казакстандын Конституциясы өзгөртүлөрүн, президент негизинен улуттук коопсуздукка, тышкы саясатка көңүл бурарын, “жогорку арбитрлик" ролду аркалай турганын 25-январда жарыялаган.

76 жаштагы Назарбаевдин Конституцияны бул жолку өзгөртүүсү болочоктогу саясий өткөөл жараянга көмөктөшү ыктымал кадам катары да бааланууда. (UE)