Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө салым кошкон мамлекеттик кызматкерлерге, жергиликтүү өнөктөштөргө жана медиа өнөктөштөргө президенттин жана кыргыз өкмөтүнүн атынан сыйлыктар жана ыраазылык каттар тапшырылды. Президенттин ыраазылык катын алган жоон топ маалымат каражаттарынын катарында "Азаттык" радиосу да бар.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында сыйлыктарды президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тапшырды.
Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюну былтыр сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында өткөн. (NT/ZKo)