Европарламент комитети украиндерге визаны жоюуну колдоду

Евроинтеграцияны колдоп акцияга чыккан украиналык студенттер

Европарламенттин Жарандык эркиндик, юстиция жана ички иштер боюнча комитети Украина жарандарына визаны жоюуну колдоду.

Тиешелүү мыйзам долбоору 5-апрелде Европарламенттин жыйынында каралат. Документ кабыл алынса украиндерге Евробиримдикте үч ай визасыз жүрүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.

Февраль айында Еврокомиссия төрагасы Жан-Клод Юнкер маселе жай келгиче чечилерин билдирген болчу.

1-мартта Евробиримдик Грузия жарандарын визасыз кабыл алуу тууралуу документке кол койгон.