Европада Кыргызстандагы кырдаал тууралуу маселе көтөрүлдү

Равшан Жээнбеков.

"Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" айрым мүчөлөрү 7-8-март күндөрү Бельгияда Европарламенттин, Евробиримдиктин тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Анда Кыргызстандагы соңку коомдук-саясий кырдаал, сөз эркиндигинин абалы, жарандык коом тууралуу маселелер көтөрүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган комитеттин өкүлү Равшан Жээнбеков маалымдады.

Февраль айында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Европага расмий сапар менен барып, Евробиримдик лидерлери менен жолугушкан. Жолугушууларда мамлекет башчы өзүнө мураскер даярдабай турганын, бийлик таза, тынч жол менен алмашарын маалымдаган.(ZKo)