Жапония таза шайлоо өткөрүү үчүн Кыргызстанга грант бөлдү

Жапониянын элчиси Ёсихиро Ямамура.

Жапон өкмөтү Кыргызстанга 11,9 млн долларды грант эсебинде берүүнү чечти. Каражат электрондук өкмөт түзүү, шайлоолорду акыйкат жана таза өткөрүү, мектеп жана бала бакчалардын коопсуздугун күчтөндүрүү багытындагы үч долбоорду ишке ашыруу үчүн берилүүдө. 11,9 млн доллар боюнча келишимге Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен Жапониянын элчиси Ёсихиро Ямамура 7-мартта Бишкекте кол койду.

Премьер-министр 25 жылдык кызматташтык алкагында Жапония Кыргызстандын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн чоң салым кошконун белгиледи.
Жапония Кыргызстандын негизги донор өлкөлөрдүн бири. 1992-жылдан бери Жапония 390 миллион долларга жакын жардам көрсөткөн.(ZKo)