Ванутауда алты баллга жакын жер силкинди

Жер силкинүүнү аныктоочу жабдык.

АКШнын Геология кызматы 8-мартка караган түнү Тынч океанда, Ванутау жээгинде жер силкинип, күчү 5,6 баллга жеткенин маалымдады. Термелүү очогу 12,5 км тереңдикте, Порт-Орли шаарынан 108 чакырым алыста катталган.

Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Ванутау Океания чөлкөмүндө жайгашкан. Австралия жана Соломон аралдарына жакын. (SE)