"Ата Мекен" партиясынын президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган арызын сотто териштирүү апта соңунда анык болот. Эрежеге ылайык, даттануу үч жумушчу күндө каралып, андан ары улантуу же артка кайтаруу чечими кабыл алынарын партиянын адвокаттарынын бири Таалайгүл Токтакунова "Азаттык" радиосуна билдирди.
Алардын айтымында, Алмазбек Атамбаев 6-мартта мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде “Ата Мекен” партиясын “сасык”, анын лидерин “мародер” деп атаган. "Атамекенчилер" мамлекет башчынын сөздөрүн “мазактоо, кордоо” деп эсептеп, Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылышкан.
Арыздануучу тараптын билдиришинче, партия президенттен кечирим талап кылбайт, намысын акчага да баалабайт. Тийиштүү чечимди сот кабыл алышы керек.
Мурдараак аталган партиянын адвокаттары лидер Өмүрбек Текебаевге таянуу менен Бишкектин четиндеги Дача СУ конушунда кулаган учактагы жүктөр президентке жана анын жубайына таандык экенин жарыялашкан. Атамбаев муну ушак деп атаган. Башкы прокуратура "президенттин аброюна шек келтирди" деген негизде "Ата Мекендин" юристтерин сотко берген. (SE)