ЕАЭБ: өкмөт башчылардын жыйынында 10 келишимге кол коюлду

7-мартта Бишкекте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөр аралык жыйынына катышкан премьер-министрлер.

Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык жыйынында жалпысынан 14 маселе каралып, он документке кол койду. Алардын арасында Контрафактка каршы күрөшүү боюнча эл аралык форум, 2015-2016-жылдардагы ЕАЭБдин алкагындагы соода алакасы, үчүнчү өлкөлөрдө чыгарылган айыл чарба техникаларын жана машиналарды биримдиктин алкагында чыгаруу жана аларды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо сыяктуу маселелер бар.

7-мартта Бишкекте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөр аралык жыйыны болуп өттү. Ага Армения, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Беларустун өкмөт башчылары катышты.(ZKo)