Казакстан: Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүнү Конституциялык сот карайт

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун президент Нурсултан Назарбаев Конституциялык сотко жөнөттү.

Конституциялык сот анын Конституция белгилеген баалуулуктарга, мамлекеттик башкаруу системасынын ишмердүүлүгүнө жана формасына туура келээр-келбесин аныктоого тийиш.

6-мартта Казакстан парламентинин кош палатасы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырып, кол коюуга президентке жөнөткөн эле.

Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөргө ылайык, Казакстанда президенттин айрым ыйгарым укуктары өкмөт жана парламентке берилет. Аларга социалдык жана экономикалык маселелер боюнча милдет жана жоопкерчилик жүктөлөт.

Президенттин Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр бийлик алмашуу жараянын жеңилдетүүгө багытталган деген пикирлер айтылууда. (AiT)