Памирдик кыргыздарга гумжардам жеткирилди

Деңиз денгээлинен 4200 метр бийиктиктеги Кичи Памирде 136 үй-бүлө, сегиз шуура (түтүн) бар.

Азык-түлүктү Памир кыргыздары үч күндөп жол жүрүп, Вахандан алып келишет.

Кыздардын калыңы 60тан 100 койго чейин, ага кошумча ондогон топоз берилет.

Дарыгерлер тобу 350гө жакын адамдын саламаттыгын текшерип, дары-дармек таратты.

Кыздар 5-6 жашка чыкканда, элге “чач өрдү” тоюн беришет. Балдарды 3-4 жаштан баштап сүннөткө отургуза башташат. Памирде аялдар жана балдар өлүмү дагы деле курч бойдон.

Боордоштор топоз, кой, эчки, төө жана жылкы багат.