Кыйноо үчүн айыпталгандар кесилди

Жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкери ар бири 7 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Октябрь райондук сотунун өкүмүнө ылайык, алар күчөтүлгөн режимде жаза өтөшөт. Ошондой эле үч жылга чейин жаза аткаруу тармагында жетекчилик кызматтарды ээлөөгө укуксуз.

Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын үч кызматкери жана Жаза аткаруу кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерине 2014-жылы январда кылмыш иши козголгон. Алар тергөө үчүн камакка алынган кишини №47 абактын кызматкерин бычактаганын мойнуна алуусун талап кылып, иш бөлмөсүндө кыйнашкан.

Бул факты боюнча прокуратура "кыйноо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, жогорудагы төрт кызматкерге айып тагылган. Ишти Октябрь райондук соту караган.(ZKo)