Актрисанын тагдыры жана таалайы
Жаш актриса чыгармачылыкка жаңыдан киришкен учурда жаштык кылып ага жылуу мамиле кылган театр директорунун тузагына түштү.
Бирок актриса Жулеттанын ролун ойноп жатып өзүнүн чыныгы Ромеосун тапты.
Актрисанын театрдын директору менен мамилеси бузулуп, жакшы ролдордон, сыйлыктардан куру кала баштады.
Спектаклде актриса жараткан бейнелер тез-тез алмашып, ал сахнага бирде Толгонай, бирде Зулайка, бирде Дездемона, бирде Жулетта, бирде Курманжан датка болуп чыгып, ошол эле учурда каармандын жеке тагдыры, турмушу да чагылдырылып жатты.
Актриса:
-Өмүрдүн азы калып көбү кетти,
Өзөндө өлөң калып, чөбү кетти.
Эң жакшы көргөн адамдан да калат көңүл,
Бир гана таянганым болду теңир.
Кагуу жеп жалкып калган тилемчидей,
Кылчактап кетип барат кайран өмүр.
Бул жерде актриса жаш кезинде Зулайканын образында эле.
Спектаклдин соңу актрисага жаш кезинде бир көргөн түштөй болуп жолугуп, бирок аз өтпөй кайдадыр кайып болгон Ромеосунун кайрылып келиши менен аяктайт. Бирок алардын мамилеси андан ары кайра уланабы же жокпу белгисиз.
Спектаклдин режиссер Жалал-Абад облустук Барпы театрынын көркөм жетекчиси Талант Апыев. Сүрөтчүсү Бакыт Тилекматов.