Жергиликтүү бийликтерге байланышкан мыйзам долбоорлору 21 күндүк парламенттик угууга чыгарылат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, 10-марттан 31-мартка чейин аймактарда парламенттик угуулар өтөт.
Депутат Кенжебек Бокоев сунуштаган өзгөртүүлөр 16-февралда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Анда айыл өкмөт башчылыкка, мэрликке талапкерлердин билимине, ишмердигине, мамлекеттик тилди билүү деңгээлине байланыштуу талаптарды күчөтүү маселеси каралган. Андан тышкары, айылдык кеңеш депутаттарынын иштөө мөөнөтүн 4 жылдан 5 жылга узартуу, айыл өкмөт башчы болууга талапкерлерден мамлекетке 30 миң сомго чейин күрөө алуу маселеси каралган.
Өзгөртүүгө жергиликтүү бийликтерге байланыштуу алты мыйзам долбоору сунушталууда. (SE)