Саламаттык сактоо министри Талантек Батыралиев кызматка киришер алдында берген убадаларын аткара электигин, андыктан иштен кетпей турганын билдирди.
Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Батыралиев "парламенттеги КСДП фракциясынын 3-марттагы жыйынында 30 депутаттын алтоо мени кескин сындап, кызматтан кетишимди жана өз каалоом менен арыз жазуумду талап кылды. Менимче, ар бир сындан тиешелүү жыйынтык чыгаруу керек. Мени колдоп, бир кезде алардын өтүнүчтөрүн аткарбай койгонума карабай иште реалдуу алдыга жылыш бар экенин айткан депутаттарга ыраазымын", - деп айтылат министрдин билдирүүсүндө.
Ошондой эле ар бир иште кемчилик жана алдыга жылуу болорун, саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөр өзү кызматка келерден мурун эле болгонун жана азыр аларды чечүү аракеттери көрүлүп, реформа болуп жатканына токтолгон. Мындан ары да иштей берүүнү чечкенин айтып, "мамлекеттик кызматта таарыныч болбойт, ар бир адам өз пикирин айтууга укуктуу, мен өз убадаларымды аткарбай кое албайм" деп сөзүн жыйынтыктаган.
Социал-демократтар фракциясы 3-мартта саламаттыкты сактоо тармагынын абалы боюнча министрдин маалыматын уккан. Жүргүзүлүп жаткан реформа, министрлик менен медициналык мекемелердин ишине байланыштуу Батыралиевдин дарегине көптөгөн сын-пикирлер айтылып, ага ишеним көрсөтпөө маселеси да коюлган.
Ал эми фракция башчысы Иса Өмүркулов министрликтин ишин жетишсиз деп табуу жөнүндө сунушун берип, ал колдоо тапкан болчу.
Көп жыл бою Түркияда иштеген Талантбек Батыралиев бул кызматты 2014-жылдын ноябрынан бери аркалап келүүдө. (NT)